9.1 http
Http протокол менен сен мурунтан эле таанышсың. Бирок, балким, сен бул протоколдордун үч версиясы бар экенин билбейсиң. Келе жаткан Java-программист катары, сен булар менен жок дегенде бир ирет таанышып чыгуун керек.
Төмөндө мен протоколдордун түрлөрү жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берем. Ал эми азыр сага бир сүрөт – үйрөнүп ал.

9.2 https
Http протоколунун биринчи модификациясынан баштайлы – https протоколу. Бул ошол эле http, бирок ага контентти шифрлөө кошулган. Анткени, Http-суроо-талаптар жана жооптор жөнөкөй текст файлдары болуп саналат. Сенин браузериңден жөнөтүлүп жаткан бардык маалымат интернет аркылуу ачыктан ачык өтүп жатканын каалабайсың да, туурабы?
Мунун чечими катары https протоколу ойлоп табылган (http+security). Сен https протоколу менен суроо жөнөткөнгө аракет кылганда, браузериң биринчи талап кылынган серверге кошулуп, анын SSL-сертификатын сурайт.
Андан соң бул сертификаттын аныктыгы текшерилет: анда домендин аты жана сертификатты бергендердин коомдук ачкычтарынын тизмеси камтылат.
Эгерде сертификат анык болсо, браузер ушул сервер менен шифрленген байланыш түзөт. Жана ушул байланыштын ичинде http протоколунун аркылуу маалыматтар жөнөтүлөт.
Протоколдун ичинде суроо-талап ресурстар тууралуу маалымат болуп жаткандыктан, https протоколун колдонгондо, эч ким сервердин кайсы ресурстарын браузер сураганын ала албайт.
Бүгүн бул протокол стандарттык де-факто болуп калды жана эски жакшы http-ду дээрлик сүрүп чыгарды.
Кимдир бирөө сен жөнөткөн https-суроо-талаптардын серверин алмаштырууга аракет кылса, анда домендин сертификатын алмаштыра албайт. Браузериң муну кайдан билсе керек, жана сен мындай типтеги баракты көрөсүң:

9.3 http/2
Бул дүйнөдө жакшырта албастык эч нерсе жок. Google компаниясы браузерлер согушун утуп алгандан кийин, ал бүт интернетти өзүнө тартып алууну чечти. Албетте, жакшы себеп менен. Алар http протоколун жакшыртууну чечишти.
Айтылган – жасалган. Жаңы маалыматтарды берүү стандартына кошулду:
- Милдеттүү шифрлөө.
- HTTP заголовокторунда маалыматтарды кысуу.
- Сервер дагы суроо-талапка чейин файлдарды жөнөтө алат (push технологиясы).
- Бір эле TCP байланыш аркылуу бир нече http-суроо-талап.
- Суроолор конвейер сыяктуу иштетилет (жаңы суроо жөнөтүү үчүн жоопту күтпөө керек).
- Протокол бинардык болуп саналат (басылбаган символдорду текстке айландыруунун кереги жок).
Булардын көбү Java-программисттен жашырылган жана web-сервер жана браузер деңгээлинде колдоо тапкан.
9.4 http/3
Http протоколунун үчүнчү версиясы дагы өнүктүрүлгөндө жана эң чоң жаңылыгы – TCP протоколунан баш тартуу. Маалыматтар дароо UDP аркылуу жөнөтүлөт.
Ошентип. OSI моделин ойлоп тапты, ойлоп тапты, мына сага. Тездик үчүн эмне кылбайсың. Башка жагынан алганда, балким, бул туура эле болушу мүмкүн. Бүгүн интернетте абдан көп агымдуу видео берилип жатат, ал жерде UDP колдонуу Баарына ылайыктуу.
Бул протоколдун кереметтери менен өзүң ойнойсуң. Менин азабым бүттү :)
Http/3 тууралуу дагы кененирээк окуй аласың
GO TO FULL VERSION